Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


25-26-апрелде улуттук опера жана балет театрында белгилүү молдован композитору, СССРдин эмгек сиңирген артисти Евгений Доганын концерти өтөт. Ушул эле күндөрү спорт ордосунда жаш акын Медер Осмоналиевдин “Жалын” аттуу ыр альбомунун бет ачаары болот.

27-апрелде Искак Раззаковдун өмүр жолуна арналган жумалык жыйынтыкталат. Иш-чаранын алкагында көргөзмө ачылат деп кабарлады Бишкектеги мемориялдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханова.

27-апрелден тарта 29-апрелге чейин улуттук опера жана балет театрында эл аралык джаз фестивалы өтөт. Фестивалда жергиликтүү жана чет элден келген джаз музыканттары өнөрлөрүн тартуулашат. Кече туурасында уюштууруучулардын бири Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча башкармалыктын өкүлү Айида Айдакеева буларды билдирди.

-Фестивалда ар кайсы өлкөдөн келген топтор катышат. Мисалы Франциядан, Швейцариядан, АКШ тынан Тажикистандан, Өзбекстандан жана башка бир катар мамлекеттерден келишет. Ал эми Кыргызстандан Караколдук жаш музыканттар өнөрлөрүн тартуулашат.

Үч күнгө созулчу жаз концертинин алкагында сырттан келген тажрыйбалуу адистер жаш музыканттарга устаттык сабактарды да өткөрүшөт.

Джаз концерти менен катар спорт ордосунда Мирбек Атабековдун жеке чыгармачылык кечеси өтөт. -Үч күнгө созулчу бул кечеде тартууланчу ырлардын 80 пайызы жаңы, ошондой эле көп деле ырчылар катышпайт, жеке концертим болгондуктан негизинен өзүмдүн аткаруумдагы ырлар басымдуулук кылат- деди Мирбек Атабеков.


-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG