Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

ЕЛЬЦИНДИН МУРАСЫ ЭЛ МЕНЕН ЭКСПЕРТТЕР БААСЫНДА


Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин өз артында кандай саясий мурас калтырды? Мындан сегиз жылдай илгери өз ордуна калтырып кеткен Владимир Путинди Ельциндин мураскери деп эсептесе болобу? Эки президенттин өз ара окшоштугунан айрымасы көппү же азбы? Ушул жана башка суроолор бу күндөрү дүйнөлүк басма сөздүн, эксперттер,жалпы эле орус коомундагы карапайым калк арасындагы пикирлердин башкы темасы болууда.

Ельцин көз жумду деген кабарга таң калган бир киши экс-президентти өлкөнүн чакчелекейин чыгарган,болсо болор,болбосо жок деген принципте жер казып салган адамга салыштырды. Бул сөздү коштоп,Таня аттуу аял да Ельциндин доору ага эч кандай жакшылык алып келбегенин, бар байлыктын баарын жемкорлор өз ара бөлүштүрүп алганын айтып,эң негизгиси – Ельцин Путиндей президент боло албаганын белгиледи. Өзүн Маргарита атаган экинчи бир аял Ельцин, арийне, орус коомунда өз ролун ойноду, бирок анын талаштуу жактары көп деп эсептейт. Ал эми Андрей аттуу киши Россияны өнүктүрүүдө,азыркы мамлекетти телчиктирүүдө Ельциндин салымы баа жеткис экенин билдирди.

Эксперттер баасына келсек,айрымдары Ельцинди коммунисттик диктатуранын түбүн омкоргон ишмер экенин белгилешип,ошол эле учурда аз эле жерден Россиянын да түбүнө жете жаздады дешет. Анын тушунда демократия – анархияга,эркин рынок – алдым-жуттумдардын май талканына айланды. Мамлекеттин эпсиз чоң байлыгы текейден арзан баага сатылып, Россияны клептократтар менен олигархтар бийлеп калды,элди жакырчылык каптады. Натыйжада Ельцин бийликте турган жылдары өлкөдө эр жеткен калк арасында өлүм-житим кескин көбөйүп, жалпы саны 2,5-3 миллиондон ашты.

Ошо жылдары Батышта ойлогондой Ельцин не экономикалык,не саясий реформатор болгон эмес, деп белгилейт “Азаттыктын” аналитиги Жули Корвин. Бирок ал Россияны большевиктер революциясындай кандуу бааламатка жеткирген жок,анын бир чоң эрдиги ушу болду. Экинчи эрдиги катары Советтер Союзун да ушундай усулда таркатып, он беш республикага өз алдынча мамлекет болгонго мүмкүндүк ачканын, “суверенитет парадын” жарыялаганын айтса болот.

Ельцинге караганда Путин орус коомуна салыштырмалуу түрдө стабилдүүлүк алып келди. Биринчи президент учурунда кудайын тааныбай кутурган олигархтардын “куйругу толгонду”. Бийлик ырааттуу бир системага салынды,иши кылып,Путин коом каалаган элементтерди алып келди. Өзүнүн жеке жүрүм-туруму жагынан да ал Ельцинден асман-жердей айрымаланат. Москвалык эксперт Евгений Волктун айтымында, Ельцин көп жагынан өз доорунун адамы болгон, бирок ал эркиндикке,тоталитардык режимден кутулууга чын дили менен умтулган. Путинге болсо мурдагы таалим-тажрыйбасынан улам Ельциндин башкаруу ыкмасы, маалымат каржаттарына кеңири укук бергени, олигархтарга, коомдук уюмдарга жасаган мамилеси жакмак эмес.

Ельциндин тушунда улуттук жана регионалдык саясат министрине орунбасар болуп иштеген Владимир Луценко болсо азыркы мамлекет башчысын бийликке алып келип, Борис Николаевич өтө чоң чекилик кетирген деп эсептейт.

Башка бир эксперттер Ельциндин көп каталыктарды кетиргенин жокко чыгарышпайт. Ошентсе да орус коомунда кан төгүүсүз азыркы өзгөрүүлөргө жол ачканы үчүн тарых ага кең пейил болот болуу керек дешет.

XS
SM
MD
LG