Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:17

25-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1876-жылдын 25-апрелинде генерал М. Д. Скобелев менен Абдылдабек баштаган кыргыз козголоңчуларынын ортосунда айыгышкан күрөш башталды. 1420-жылдын бу күнү айтылуу Улугбек мырзанын элчилери могол өлкөсүнүн ээлигине келишкен.

Орус генералы М.Д.Скобелев менен Абдылдабек баштаган кыргыз козголоңчуларынын ортосунда айыгышкан күрөш 1876-жылдын 25-апрелинде башталды. Абдылдабектин 1500 чамалуу жигити Жаңылык капчыгайындагы ашууну ээлешип, генерал Скобелев аскерин эки топко бөлүп козголоңчуларга чабуул койгон. Биринчи топту өзү баштап, Терек-даван менен алып, экинчи топту капитан М.Е.Ионов жетектеп, алар Будалык капчыгайы аркылуу Жапалакка чыгышкан. Генерал Скобелевге козголоңчулардын катуу каршылыгы күтүүсүз жаңылык болгон жана орус отряды олуттуу жоготууларга учураган.

Почта-телеграф конторасынын начальниги М.Чистяков 1912-жылдын бу күнү Кемел Шабдановго ыраазычылык кат менен кайрылган. Анын жазганына караганда, Кемел Шабданов атасына көрсөткөн ызааты үчүн конторага император Николай II портретин белекке берген.

Кыргызстандык жумушчу мусулмандардын профсоюз уюму 1918-жылдын 25-апрелинде Пишпек шаарында уюшулду.

Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 25-апрелинде ишин баштады. Анда Автономиялык Республиканын жаңы Конституциясы кабыл алынып, өлкөнүн желеги бекитилген.

Кыргызстан советтик жазуучулар союзунун I курултайы 1934-жылдын 25-апрелинде ишин аяктады. Жаңы кошуун мурдагы пролетардык жазуучулар биримдигинин ордуна куралган. Жазуучулар жыйыны үч күнгө уланып, анда жаңы кошуун уюштуруу, төраганы шайлоо маселеси козголуп, жазуучулар биримдигинин социализмди куруудагы максат, милдеттери белгиленди. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалык төрагалыгына жазуучу жана акын Аалы Токомбаев шайланган.

Кыргызстан борбору Фрунзе шаарында өткөрүлгөн, IX Бүткүлсоюздук кинофестивалдын иши 1976-жылдын 25-апрелинде соңуна чыкты. Кинофестивалга союздук республикалардан жана социалисттик өлкөлөрдөн келген 400 чамалуу кинематографисттер катышып, жүздөн ашык көркөм, мультипликациялык, документалдык, илимий-популярдык фильмдер көрсөтүлдү.

Антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанда өткөн машыгуусу 2002-жылдын 25-апрелинде соңуна чыкты.

Айтылуу Улугбек мырзанын элчилери 1420-жылдын бу күнү могол өлкөсүнүн ээлигине келишкен жана Моголистанда бийлик алмашып, башаламандык башталганына күбө болушкан. Элчилердин кабарлоосуна караганда, Увайс хан Шир-Мухаммадга каршы күрөш баштап, Моголистан улусу экиге бөлүнгөн.

Ташкенттеги соңку 7,5 баллдык жер титирөө 1966-жылдын 25-апрелинде болгон. Жер титирөөдөн эски шаар жабыр тартып, нечендеген үйлөр кыйраган. Ташкент шаарын калыбына келтирүү чарасы Союздук программага киргизилип, турак-жайларды куруу ишине Кыргызстан да тартылган болчу. Анын натыйжасында Ташкентте Кыргызстан микрорайону курулган.

Еврей калкынын каармандык жана кайгы күнү 25-апрелде белгиленет. Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттердин колунан каза болгон алты миллион еврейлердин арбагына бу күн Холокост курмандыгын эскерүү катары киргизилген.
XS
SM
MD
LG