Мындай билдирүүнү кечээ премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жасады. Эрдоган жана Абдулла Гүлдүн партиясы парламентте көпчүлүк орундарга ээ. Мыйзам чыгаруучулар президентти төрт айлампа менен өтө турган добуш берүү аркылуу шайлашмакчы. Акыркы күндөрү Түркияда Эрдоган президенттике талапкерлигин коер-койбосу кызуу талкууланып келген. Өлкөдө премьердин исламчылар менен мурдагы байланышына нааразы болгон адамдардын ациялары өткөн.