Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана кечээ күнү Брюссел шаарындагы конференция учурунда Америка Кошмо Штаттарына кайрылып, аны - Иран менен түз байланыш жолун түзүүгө чакырды. 25-26-апрелде Солана Анкара шаарында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани менен жолугуп-сүйлөшкөн.