Мындай оюн “Апрель сабактары” аттуу тегерек үстөлдө сүйлөгөн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди. “Албетте, бийликтин ишине нааразы болгондорго бийлик көңүл буруусу зарыл. Бирок, ошол нааразычылык акциясы маданияттуу өтүшү керек. Апрелдеги митингдерден эки тарап тең уткан жок, жалпы кыргыз коомчулугу утулду жана бул өлкөнүн аброюна катуу сокку болду”,- деди Адахан Мадумаров.(AiJu)