«Апрель сабактары» деген аталыштагы тегерек үстөлдө 19-апрелдеги митингге тукурук уюштургандар, милиция кызматкерлеринин атайын каражаттарды пайдаланып тынч митингдин катышуучуларын күч колдонуп тараткандыгы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Андан соң «Акшумкар» партиясынын тең төрагасы Темир Сариев «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун жана «Реформа үчүн» кыймылдын митингди уюштуруудагы кемчиликтерине токтолду. Анын айтымында, биринчи катачылык Бириккен фронт менен кыймылдын талаптары жана ураандары бири-бири менен дал келбей калгандыгында. «Экинчи катачылык митингдин мөөнөтсүз уюштурулушунда. Себеби митингчилер узак убакка созулган иш чарадан чарчап, чечкиндүү аракеттерге өтүүгө ыктап калышты. Ошондой эле бийлик митингичилердин талабын угуп, маани берүүнүн ордуна оппозиция жүз миң адамды чогулта алган жок, деп шылдыңдагандай түр көрсөттү. Тескерисинче бийликтин митингге көңүл бурбаганы элдин нааразылыгын күчөттү»,- деди Сариев.
Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Рая Кадырова оппозициянын митингде кетирген каталарын сегиз пункттан турган далилдер менен келтирди. Анын айтымында, оппозициянын так, ачык-айкын ураандары болгон эмес. «Митинг жалпы улуттук колдоого алынган жок. Оппозициянын лидерлери 24 саат бою митингичилер менен аянтта чогуу болушпады. Массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышпады. Шаар четинде ат оюндарын өткөрүп, агрессивдүү шарт белгилерди илип, коркутуу акцияларына барышты. Митингдин экинчи тарабы, кокустан кагылышуулар болуп кетсе кандай чара көрүү планы жоктугу. Кызматтан кетип бийликке нааразы болушкан же Акаевдин камчысын чаап жүргөндөр да кошулганы, элди иренжитти»,-дейт Кадырова.
«Акшумкар» партиясынын лидери Кубатбек Байболов тегерек үстөлдө бийлик менен оппозициянын ортосундагы келишкис мамилелер талкууланып, апрель окуясына баа берилгенин билдирди.
- Бул жерде митингде кетирген кемчиликтер, уюштуруудагы кемчиликтер тууралуу сөз болду. Ошондой эле митингдин маанайы жана ийгиликтери тууралуу абдан жакшы сөз болду.
Байболов белгилегендей тегерек үстөлдө тынч митингдин күч менен таркатылышы, бийликтин оппозициячыл саясатчыларды куугунтукка алып, репрессиялык жолго барышканы сынга алынды.
Жыйынга катышкан Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров 19-апрелдеги окуяга бийлик менен катар оппозиция да жооп берүү зарылдыгын айтты. Анын көз карашында, бийлик «уктап» калбашы үчүн коомго оппозиция керек. Айрым байкоочулардын бийлик жеңди, оппозиция жеңилди деген көз карашына мамлекеттик катчы макул эместигин билдирди.
- Эч качан мен сени жеңдим, сен менден утулуп калдың деген «жаш балдардын» оюнундай болбош керек. Мына ошондой оюндарды токтотуш керек. Негизи бийлик дагы биздин оппненттер дагы мамлекет утуш керек деген бир эле максатты коюшу абзел.
Мадумаров оппозиция бийликти эле сындай бербей экономиканы кантип өнүктүрүү тууралуу, коомду алга жылдыруу жөнүндө программасын бийликке сунуштаса пайдалуу болот эле деген пикирде. Ал дайыма Конституциялык реформаны колдоочулар тарапта болорун билдирди.
Тегерек үстөлдүн соңунда резолюция кабыл алынып анда бийлик айрым саясий ишмерлерге карата куугунтугун токтотуп, 19-апрелде митингичилерди таратуу максатында күч органдарынын атайын каражаттарды колдонушу канчалык негиздүү болгонун изилдөө жана Нарындагы ички иштер бөлүмүндө каза болгон Бектемр Акуновдун өлүмүнүн себептерин калыс, так иликтеп, адилет чечим чыгаруу талабы коюлду. Ошондой эле бийликти системалык реформаларды жүргүзүп, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барууга чакырышты.
Ушул эле күнү «Жарандык коом коррупцияга каршы» жана «Кылым шамы» адам укугун коргоо уюмдарынын лидерлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, адам укуктарынын тебеленишин, митингдин катышуучуларына бийлик тарабынан саясий куугунтуктар болуп жатканын билдиришти. Алар жарандык коомдордун аракети менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын абагына камалган Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдырахманов жана Адилет Айтикеевдин бошотулуганын белгилешти.