Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

БАЙКООЧУЛАРДЫН БААМЫНДА ОТУЗАДЫРДА ӨТӨ КӨП ДОБУШТАРДЫ САТЫП АЛУУ БОЛДУ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Байкоочулардын баамында Отузадыр шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңештин депутаттык оруну үчүн күрөш добуштарды массалык түрдө сатып алуу жана сатуу менен коштолууда. Бирок, округдук шайлоо комиссиясы бул боюнча бир катар жагдайлар байкалганы менен расмий түрдө арыз менен кайрылган учурлар каттала электигин билдирди. Шайлоо жараянындагы коомдук тартипте жүздөн ашуун милиция кызматкерлери күзөтүүдө.

Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча добуш берүүнүн жүрүшүн байкоого алган көз каранды эмес байкоочу Улукбек Максаталиев, шайлоо жараяны жарандардын ишенимин массалык түрдө сатып алуу жана сатуу өнөкөтү менен коштолуп жаткандыгын айтып, шайлоочулардын жана ат салышып жаткан талапкерлердин саясий аң сезими 2005-жылкы шайлоолордогу деңгээлден эч кандай деле айырмаланбагандыгына токтолду:

- Азыр мен Отузадыр шайлоо округун кыдырып чыктым. Элдердин аң сезими мурунку боюнча калыптыр. Ар кайсы жерде топ-топ болуп, өзүнүн мандатын сатып алууну коммерциялык жагдайга айлантып алышыптыр. Кайсы жерде болбосун баары ким акча берет деп аңдып турушат.

Ал эми шайлоочулардын айрымдарынын айтымында, добуштарынын сатылып жатышынын негизги себептери катары кендирди кескен кедейчилик жана жумушсуздуктун күчөп жаткандыгы, алардын өздөрүнүн колдорунда калган акыркы мүмкүнчүлүктөрүн, ишенимдерин сатууга аргасыз кылууда.

- Себеби азыр элдер дыйканчылык кылган мезгил. Элде акча жок. Элде иш жок. Аны жакшы билесиңер.,- деген оюн билдирди шайлоочу Үрүниса Кабылова.

Ошол эле учурда Отузадыр округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдыманап Сатаев болсо, добуштарды сатып алуу жана сатуу көрүнүштөрү байкалганы менен учурда мындай мазмундагы мыйзам бузуулар боюнча тараптардын эч биринен расмий түрдө арыз түшө электигин билдирди.

- Акаевдин мезгилиндеги “ала бергиле, жей бергиле, бирок, татыктуусун шайлагыла” деген психология элге сиңип калган. Азыр кээ бир мезгилде сөз жүзүндө болуп жатат. Эгерде конкреттүү бир фактыны аныктап келишсе, ошого жараша чара колдонсо болот эле,- дейт Отузадыр округдук шайлоо комиссиясынын төрасы Абдыманап Сатаев.

Мезгил-мезгили менен шайлоо участокторунун алдында депутаттыкка талапкерлердин жактоочуларынын ортосунда тирешүүлөр пайда болууда. Учурда шайлоодогу коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жүздөн ашуун кызматкери кырдаалды күзөтүүдө.

-Кечээ күнү дагы келгенбиз. Шайлоодогу коомдук тартип жакшы өтсүн деп. Элдин бейпилдиги үчүн. Мурдагы шайлоолордо көп катышып жүргөнбүз. Ошон үчүн өздүк курам өзгөчө даярдык менен коомдук тартип үчүн гана биз эч кандай саясатка аралашпайбыз, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт полкунун командири Анвар Кадыров.

XS
SM
MD
LG