ТАЛАС. «Андаш», «Жерүй» кендеринин иштешине эки жылдан бери каршы болуп келген топ «Манас биримдиги» деген жаштар уюмун түзүүгө документтерди даярдап жатышат. Бул уюм экологияны коргоо максатында облустук деңгээлде түзүлөөрүн топтун лидерлеринин бири Каймазар Иманалиев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, уюмдун келечеги тууралу 3-майда Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылында өтө турган түлөөдө талкууланмакчы. Түлөөнүн максаты элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана ага жергиликтүү жашоочулар тарабынан кыркка жакын кой союлары айтылууда. (UA)