Мындан эки күн илгери Тимур Камчыбеков милиция кызматкери Адыш Турдукуловго акаарат келтирген деп айыпталып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми Тимур Камчыбековдун жактоочулары окуяны бийликти сынга алып келген адамды коркутуу үчүн жасалаган милициянын аракети катары баалашты:
- Эки жыл мурун Бакиевди өзүм ээрчитип жүрдүм. Ошондо ушул эле курам менен так ушул жерде турдук эле. Эми такка отургандан кийин бизге муштумун тийгизип жатат. Милицияны сөккөнү жалган, жөн эле айтышып кеткен экен. Ошон үчүн 3 күндөн бери кармап отурушат, - деди “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин мүчөсү Калмат Абыкеев.
“Жаны Кыргызстан” саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев болсо бийлик ыңкылаптын лидерлерин негизсиз жерден камакка алуу менен, ыңкылаптын талаптарынын демин басууга аракет жасап жатканын белгиледи:
- Бул бийликтин эң чоң катасы деп ойлойм. Ушунусун кайталай берсе бүгүн 100, эртең 200, бүрсүгүнү 3 миң адам чыгат. Ошентип нааразычылык күчөй берет дагы, бул бийликтин калышы күмөн болуп калат. Мына баарыбыз эле нааразыбыз революциянын ана башында жүргөн балдардын камакка алынышына. Эгерде ушундай кайталана берсе Бакиевдин жүргүзгөн саясаты кыска болот дагы, өзү кимге өткөрүп бергенин билбей калат.
Ошол эле учурда пикетчилердин алдына чыккан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Расул Усманов бейбаштык жана бийлик өкүлүнө акаарат айтуу боюнча козголгон кылмыш ишинде саясий себептер жок деп билдирди:
- Тополоң болсо мен жооп берем. Мыйзамдын негизинде бейбаштык боюнча камалды. Прокурорго баргыла, ал чечет. Эртең 3 күн болот, подпискага коё береби, же отурсун дейби бул прокурордун акыркы сөзү.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Ош шаарынын прокурору Райымжан Жакыповдун чечими менен Тимур Камчыбековдун баш коргоо чарасы катары шаардан чыкпоо талабы коюлуп, боштондукка чыгарылды.