“Жаштар саясатынын бүгүнкү ахыбалы” деген аталыштагы жаштар талкуусунун жыйынтыганда резолюция кабыл алынды. Анда, учурда жаштар бир эле убакта бийликчил да, оппозициячыл да күчтөрдун куралына айланып жаткандыгы айтылат. “Жаштарды ар кандай саясий оюндарга тартпай, аларды патриоттук духта тарбиялоо абзел”, - дейт “Жаңы муундун” координациялык кеңешинин мүчөсү Рыскулбек Жумабаев. Жаңыдан түзүлгөн “Жаңы муунга” жети саясий партиясынын жаштар канаттары жана он чакты коомдук бирикмелер кирет.(ElenK)