Кыргыз Улуттук университетинде өткөн бул конференция 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 90-жылдыгына карата уюштурулду. Демилге тарых жана аймактык тануу факультетинен чыгып, конференцияга Кыргызстандын көрүнуктүү тарыхчылары катышты. Анда 1916-жылы башталган кыргыздарга карата геноцидди жоюда Улуу Октябрь социалисттик революциясы жакшы өбөлгө болгон деп, ага оңунан баа берилди. Конференциянын жыйынтыгында, мыкты деп табылган студенттердин докладдары үчүн атайы белек, мактоо баракчалары жана дипломдор тапшырылды. (ElenK)