Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

15:20 «Интерньюс» журналисттерди куттуктады


Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнө карата «Интерньюс» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жергиликтүү журналисттерди куттуктады. Сөз эркиндигине жана журналисттик тармактын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн бир катар журналисттер диплом менен сыйланышты. «Интерньюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Эмил Калматов бул жаатта өлкөдөгү абалга токтолуп, акыркы учурларда журналисттердин көп сабалып жатканы, айрым басылмаларга болгон басым-кысымдар бийликте отурган адамдарга аброй алып келбешин баса белгиледи. Ошондой эле анын ырасташынча, Орто Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги дагы деле болсо көбүрөөк бойдон. (IJz)

XS
SM
MD
LG