3-майда нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында пайда болгон сел Ош облусунун Карасуу районундагы 52 үйдү жана бир орто мектепти каптаган. Адамдардын арасында жабыркагандар жок. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча учурда кырсыктын чыгашасы эсептелип жатат.