Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

17:45 Премьер-министр Алмазбек Атамбаев сел баскан райондорду кыдырды


ЖАЛАЛАБАТ. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү облустун Сузак, Базаркоргон райондорунун суу баскан айыл-кыштактардын калкы менен жолугушуп, эгин талаалар жана суу каналдардын абалы менен таанышты. Ноокен районунда чегиртке каптаган аянттарды көрдү. Кызылтуу айыл өкмөтүндөгү Ачысай дарыясынын кимге караштуулугун чечүү жагын өзү менен бирге жүргөн айылчарба жана чукул кырдаалдар министрлерине жүктөдү. Жабырлануучулар ссуда маселесин эртелетүү, турак-жай курууга жер ажыратуу, суу баскан эгин аянттарынын салыгын жоюу, техника, үрөн, күйүүчү май жагынан жардам берүү маселесин көтөрүштү. Өкмөт башчы жабыркаган үй-бүлөлөргө 2 центнерден буудай, 10-50 миң сомдон акчалай жардам берилерин айтып, өлкөдө жабыркаган 25 миң адамдын ар бирине 200 миң сомдон ссуда берүүгө бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирди. (YА)

XS
SM
MD
LG