Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов уюштурган Байтик айылындагы курултайда, азыркы өкмөттү кетсин деп чыгышканы туура эместигин билдирди. «Ал киши конкреттүү мисалдары келтирип туруп анан кетсин десе болмок. Ошол себептүү жөн эле элди дүрбөтүп, жүйөсү жок эле айта берген Ф.Куловдун деңгээлинде айтыла турган сөз эмес»,- дейт К.Осмоналиев. Эскерте кетүүчү нерсе 5-майда Бириккен фронттун лидерлери Байтик айылында элдик курултай өткөрүшүп, бир катар талаптар менен кошо Алмаз Атамбаев баштаган өкмөттү толук кызматтан кетирүү талабын коюшкан.(IJz)