Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ КОРРУПЦИЯДАН ЧЫГЫП БАРАТАБЫ?


Бүгүн маалымат жыйынында Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев бул тармактын деңгээлин, сапатын, абройун көтөрүү боюнча кийинки кездерде чоң кадамдар ташталып жатканын билдирди. Министрдин айтуусунда бул жаатагы жылыштардын бири катары, жакында эле Тажикстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин жыйынын атаса болот. Ал жыйында жалпы КМШ өлкөлөрүндөгү Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окуучулар менен окутуучуларды алмашууну көбөйтүү сыяктуу маселелер каралган. Ошентсе да айрым адистер Кыргызстандын Билим берүү системасы мурдагыдай эле бойдон турганын, коррупция күч экендигин, маселенин тамыры тереңде жатканын айтышат.

Билим берүү министри Каныбек Осмоналиевдин айтымында, министрликтин алдына койгон эң негизги максаты коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу болуп саналат. Министрдин пикиринде, жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн уюштурулуп жатканы коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо үчүн мыкты каражат болууда. Ошондой эле эми жакынкы арада күндүзгү окууга өтүүнү каалагандар менен кошо сырттан окугусу келгендер да Кыргызстандагы ЖОЖдорго тапшыруу үчүн жалпы тестирлөөгө кирүүгө мажбур болмокчу.

Ошондой эле К.Осмоналиевдин пикиринде, учурда негизинен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга басым жасалууда. Тажикстандын борбору Дүйшөмбү калаасында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин жыйынында да бул маселени бирдикте чечүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Анын ырасташынча, окуу жайларда айлык акылардын аздыгынан мыкты кадрлар жетишпей баратат. Бул өз кезегинде коррупциянын өсүшүнө себепчи болууда.

Бирок, айрым адистердин пикиринде, Билим берүү системасындагы мындай көрүнүштөрдүн түйүнү тереңдерде жатат. Инсандык сапаттарды өнүктүрүү адиси Асылбек Жоодонбековдун айтымында, коомчулуктун, элдин, ошол окууга кызыкдар адамдардын аң-сезимине төңкөрүш жасап, аларды башкача ойлонууга, дүйнөлүк деңгээде жорум жасоого, заманбап шык-жөндөмдөрдүн зарылдыгын туюнууга түртмөйүнчө абал оңолбойт:

- Бүгүнкү күндө Улуттук университет баш болуп, тилекке каршы бардык көпчүлүк окуу жайларда региондордо айрыкча дагы деле болсо коррупция күч. Дагы деле болсо карапайым эл алданып, акча менен, тааныштык менен окууга өтөбүз деген пикир күч болуп, ошол коррупцияны кармап турат. Бирок, баягы СССРдегидей дипломуң болсо эле жумуш жаяр турат, эртең иштеп кетем деген нерсе калды. Ошондуктан сенин алган дипломуң, беш жылдык убактыңды маңыздуу пайдалана албасаң, татыктуу, заманбап билим ала албасаң, эки эмес беш диплом алсаң да алар эч нерсеге жарабай калат.

“Сильва” билим берүү борборунун президенти Апилмажун Темиралиев, кыргызстандыктардын практикалык билим берүүгө анча маани бербегендиги негизги көйгөй деген ойдо. Анын айтымында, бул өтө маанилүү нерсени коомчулук терең түшүнсө, коррупциялык көрүнүштөр өзүнөн-өзү жоголот:

- Чет мамлекетте балдарын окутса, алар жыйынтыгы эмне болорун ойлонушуп, аларга жеринен багыт берет. Бизде бардыгын окута беришет да ошол окугандарын пайдаланганды, клодонгонду үйрөтпөйт. Мына ушул жакка көңүл бурушубуз керек. Көп эле жогорку окуу жайларды балдарыбыз бүтүп атышат, бирок ишсиз калып атпайбы.
XS
SM
MD
LG