23-майда, “Хаят” мейманканасында Кыргызстандагы ишкерлер менен чет элдик инвесторлор жолугушат. Бул тууралу Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Алмаз Бейшеналиев билдирди. Бельгия, Голландия, Швецария, Германия жана Түркиядан эки жүзгө жакын конок чакырылууда. Жолугушуу “Кыргыз-түрк ишкер адамдар” коому менен бирдикте уюштуруулууда. (ElenK)