«Кабар» агенттигинде бүгүн уюштурган маалымат жыйынында Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаевдин билдиргенине караганда, 2008-жылы Кыргызстанда 10 тыйындык, 50 тыйындык, 1 сомдук, 5 сомдук жана 10 сомдук темир тыйындар чыкканы жатат. Бул жүгүртүүгө тыйындардын муктаждыгы менен түшүндүрүлүүдө. Алапаевдин айтымында, сомдун туруктуулугу мурдагы калыбындагы бойдон кала берерин белгиледи. Бүгүн улуттук валюта –сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 14 жыл болду. 1993-жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп улуттук валюта –смоду киргизген.(BuS)