Таластагы алтын кендерин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар премьер-министр Алмаз Атамбаев 14-майда Таласка келүүнү мурда убада кылып, бирок келбей койгону үчүн ушундай кадамга барууда. Өкмөт башчы 11-апрелде Таласта жол тоскон эл менен жолугушуп, “Андаш”, “Жерүй” компанияларына байланышкан маселени карап, бир айдан соң жообун айтууну убада кылган. Кечээ Бишкек-Талас жолу күндүзгү саат 11лерде бир сыйра жабылып, түштөн кийин кайра ачылган.(SM)