Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

9:13 Канаданын Камеко корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр боюнча сүйлөшүүсү ушул жумада болот


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Буга чейин мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Камеконун өкүлдөрү менен февралЬ, март айларында Москва жана Стамбул шаарларында сүйлөшүү жүргүзүп, бирок өкмөт анын жыйынтыгына канааттанган эмес. Сүйлөшүүдө кыргыз тарап Кумтөр кенинен өлкөгө көбүрөөк пайда алууну көздөөдө. Ал эми Жогорку Кеңеш Кумтөр, Жерүй алтын кендери боюнча түзүлгөн келишимдерди иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын угууну жума күнгө белгиледи. Депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын январь айында даярдап койгонун билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG