Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:11

14:56 Отузадыр шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Равшанбек Сабиров кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда


Ал өткөн жекшембиде добуш берүүнүн экинчи турунда мыйзам бузуулар орун алганын билдирип, бир катар шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жана ал участоктордо кайрадан добуш берүүнү уюштуруу талабын коюуда. Сабиров ошондой эле Осмоналы Аттокуровдун жакындары мыйзам бузууларга барганын белгилөөдө. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да Отузадыр шайлоо округунда шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, улут аралык жаңжалдын чыгышына себепкер боло турган деңгэлге жеткенин эскертти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жекшемби күндөгү шайлоодо Осмоналы Аттокуров 50.2% добуш менен жеңишке жетишти. Ал эми Сабиров 48.36% добуш алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG