Советтик мезгилде жаткырылган газ жана мунай куурларын пайдаланып. Орусия акыркы жылдарда Европага болгон экспортун көбөйттү. Аны менен катар Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда чыккан газ менен мунай ошол эле куурлар маселеси менен байланыштуу Орусияга жөнөтүлөт жана Маскөө, мисал үчүн, бир миң куб метр газды былтыркыга чейин 60 долларга, азыр болсо 100 долларга сатып алса, ОрусИядан Европага кеткен газ 230-250 доллардан сатылат.
Ага кошумча, Украина, Беларус, Грузия жана башка кошуна жумурияттарга жеткирилген жаратылыш газдын бааларын дагы Орусия көтөрүп, ага кимдир бирөө макул болбосо, куурларды жаап салып жатканы Батыш мамлеккттеринде көптөгөн сын-пикир жаратууда. Ошондуктан Батыш акыркы жылдарда - түркмөн газын Европага жөнөтүү үчүн Каспий деңизинин түбү менен куур жаткарып, андан ары Кавказ жана Түркия аркылуу Австрияга чейин жеткирүү планы үстүндө иштеп жаткан.
11-12-май күндөрү болсо Польшанын Краков шаарында бир нече мамлекеттин президенти жолугуп, Европа орусиялык газга көз каранды болуп калган маселесин талкуулоону чечкен жана жыйынга келем деп казак президенти Нурсултан Назарбаев Польша президентине убада берген.
Бирок анын алдында орус президенти Владимир Путин атайын Астанага келип, андан ары Түркмөнстанга барып жана ал жакка Назарбаевди да чакырып жана андан кийин кайрадан Казакстанга келип, Назарбаев менен дагы бир жолугушуу өткөргөндүктөн, казак президенти Краков саммитине барбай калды.
Аны менен кошо бул жолугушуулар учурунда Түркмөнстан менен Казакстан Орусияны көздөй дагы бир газ куурун жаткырууга макул болду жана өздөрүндө өндүрүлгөн дээрлик бардык мунай менен газды Орусияга гана сата турганын билдиришти: "Казакстан өзүнө милдеттенме алат - эгер толугу менен болбосо да, дээрлик бардык мунайды биз Орусия аркылуу гана өткөрөбүз", - деди Назарбаев Астанада Путин менен жолуккандан кийин.
Эл аралык кубат агенттигинин 14-апрелде Париж шаарында өткөн жыйынында АКШнын кубат министри Сэмюэл Бодман бул чечимди сынга алып, анын жаратылыш байлыктарына башка мамлекеттер көз каранды экенин Маскөө саясий багытта пайдаланууда деп билдирди. Көптөгөн башка мамлекет - Орусиядан келген мунай жана газга көз каранды болбой турган абалга жетүү жолдорун издей баштады.
14-май күнү "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесине Грузия парламентинин спикери Нино Буржанадзе келгенде дагы башкалардын арасында ушул маселени көтөрдү: "Кубат коопсуздугу жөнүндө ойлонууга Европа үчүн убакыт жетти, анын булактары ар башка болуш керек. Биз, грузиялыктар, андай кубат көз карандысыздыгынын баасын жакшы билебиз", - деди Буржанадзе.
Европа мамлекеттери керектеген жаратылыш газдын жарымы азыр Орусиядан келет.