Кондолиза Райс Маскөөгө келген 14-май күнү Орусиянын биринчи вице-премьер министри Сергей Иванов жана коомчулуктун айрым башка өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Сергей Иванов менен негизинен эл аралык маселелер талкууланса, экинчи жолугушуу учурунда - АКШ менен Орусия ортосундагы байланыштар жана алардын өзгөчөлүктөрүнө басым жасалды. Бул жолугушууга "Независимая газетанын" баш редактору Константин Ремчуков, СПС партиясынын төрагасынын орун басары Леонид Гозман жана коомдук уюмдарынын башка өкүлдөрү катышты.
Биринчи күнү тышкы иштер министри Сергей Лавров менен дагы жолугушуу өткөрүлөт деп жарыяланган, бирок ал 15-майга калтырылды жана ошол эле экинчи күнү Райс айым Маскөөдө Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов жана президент Владимир Путин менен дагы кездешүүдө.
Талкуулана турган маселе көп, бирок Орусиянын тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңешинин жетекчиси Сергей Караганов сыяктуу саясат таанучулардын пикиринде, Чехия жана Польшада орноштурулуп жаткан антиракеталык системалар сыяктуу маселелерге бул сапар учурунда көп деле көңүл бурулган жок, анткени эки тарап тең ал жөнүндө өз пикирлерин ачык айткан жана турумдарын өзгөртпөй тургандай.
Алардын пикиринде, алда канча орчундуу маселелер бар - эки мамлекетте тең жакын арада президенттер алмашууга тийиш жана андай орчундуу өзгөрүүлөр алдында ансыз деле бузулуп бараткан мамилелерди таптакыр бузуп албоо маселеси турат. Аны менен катар, Косоводогу жагдайды талкуулабай коюу да болбойт. Батыш ага чектелүү эгемендүүлүк берүүнү көздөп жатса, Бириккен Улуттарда маселе добушка коюлганда, Маскөө ага вето салаарын айтууда.
Батыш саясатчыларынын пикиринде, акыркы мезгилде Маскөө эл аралык сахнада бир топ агрессивдүү аракеттене баштады, өз өлкөсүндө болсо оппозициянын оозун жаап, басма сөз эркиндигин ооздуктады жана Батышка каршы улам катуу кадам көрүүдө. Аны менен катар Батыш мамлекеттери дагы бир нече бир тараптуу чечим кабыл алды.
Мындай абалда европалык саясатчылар менен сүйлөшүү дагы өтө маанилүү. Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Маскөөгө келиши негизинен - 17-18-май күндөрү Орусиянын Самара шаарында өтө турган Орусия жана Европа Биримдиги ортосундагы кезектеги бийик жолугушуу менен байланыштуу. Жакында Орусия жана Эстония ортосунда чатак чыгып, аны менен катар Маскөө менен Варшаванын мамилелери кайрадан чыңалып кеткендиктен, ал саммити кийинкиге калтыруу сунуштары да айтыла баштаган.
Бирок 14-май күнү Брюссел шаарында Биримдиктин тышкы иштер министрлери жыйынга чогулуп, бийик жолугушууну өз убагында өткөрүүнү чечти: "Мен бүгүн кубанычтамын, жыйында бир дагы министр саммитти өткөрбөш керек деп айткан жок. Менин жеке пикирим - оор абал түзүлгөн учурда мындай жолугушуулар ого бетер керек", - деди немис министри Штайнмайер жыйындан кийин.
Анткен менен Биримдик жана Орусия ортосунда жаңы стратегиялык кызматташуу келишимин түзүү боюнча сүйлөшүү кайрадан кийинкиге калтырылды. Азыркы келишим үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин гана иштейт, жаңы келишим тууралуу сүйлөшүү - былтыр ноябрда Хельсинки шаарында өткөн саммит учурунда дагы башталбай калган.