Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ПРЕЗИДЕНТ КҮТҮҮСҮЗДӨН ШААР КЫДЫРЫП, МЭР ТИЛ УГУП, АКИМ КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ


16-май күнү эртең менен президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүнө бараткан жолдо күтүүсүздөн Бишкек шаарын кыдырууну чечип, айрым сейил бактарын аралады. Алгач Иса Ахунбаев көчөсүнүн жээгиндеги “Ататүрк” сейил багына түшкөн президент, анын чеке жактарына салынып жаткан элиталык үйлөрдү көрүп, дароо шаар жетекчилерин чакыртты. Сейил бактардын чеке-белинен турак-жайларды курууга тыюу салынганына карабай буга уруксат берген чиновниктер жазаланарын айткан президент, Биринчи май районунун акими Тилек Акамбаевди кызматынан алып, мэр Арстанбек Ногоевге катуу эскертүү берди. Ошондой эле ал Эркиндик сейил багын да аралап, тазалыктын сакталбагандыгына, коомдук эс алуу жайлары каралбай калгандыгына нааразы болду. Коомчулукта президенттин мындай күтүүсүз кадамы ар кандай жоромолдонуп жатат.

Президенттин шаар турмушу менен таанышып, сейил бактарын аралай тургандыгы анын иш планында жок болчу. Эртең менен президентти коштоп жүргөн унаалар, ак үйдү карай бараткан жолдо капысынан Иса Ахунбаев көчөсүнүн боюндагы Ататүрк сейил багы тарапка бурулуп, К.Бакиев сейил бактын аралап көрдү. Сейил бактын аймагына салынып жаткан элиталык үйлөрдү көргөн парезидент, ошол чөлкөмдө жашаган элдер менен сүйлөшкөндөн кийин дароо шаар жетекчилерин чакыртты. Президент, шаар мэри Арстанбек Ногоевге бул жерге турак-жай курууга ким уруксат бергендигин тез арада аныктоого буйрук берип, сейил бак жайгашкан райондун акими Тилек Акамбаевди кызматынан ала тургандыгын баса белгиледи. Андан соң ал “Эркиндик” гүл багына бет алып, анын да абалы менен таанышып чыкты. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин ырасташынча, Курманбек Бакиевдин мынай кадамына буга чейинки шаар тургундарынын өлкө башчысына жолдогон арыздары себепчи болгон. Арыздарда болсо шаарда таштандылар тазаланбай жатканы, сейил бактарынын аймагында турак-жайлардын курулуп жаткандыгы тууралуу айтылган. “Ошол себептүү буга окшогон маселелер президенттин көңүлүндө болучу”,- дейт Н.Шакиев.

Айрым серепчилер Бишкектеги жерлерди жең алдынан сатууну шаардык бийликтин кайсы бир адамдары кирешелүү бизнеске айлантып алгандыгын айтышат. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо буга чейин мындай маалыматты ырасташкан эмес. Божомолдор боюнча К.Бакиев, “Ататүрк” сейил багынын четинде салынып жаткан элиталык үйлөргө ким уруксат бергендигин аягына чейин толук териштирсе, коррупциялык көрүнүштөр калкып чыгышы ыктымал.

Бишкектин сейил бактар бирикмесинин башкы директору Доорбай Миңбаевдин айтымында, сейил бактардын аймагында турак-жайлар курулуп кеткен учурлар кездеше калат. Бирок, маселе жогору жактардан чечилгендиктен, алар сейил бактын жетекчилигинен сурап да коюшпайт. Д.Миңбаевдин ырасташынча, Башкы архитектура маселени өзү эле чечип коет. “Жогору жактан өздөрү бизсиз деле чечип коюшат. Кээде кимдер, каяктан чечип аткандарын да билбейбиз”,- дейт ал.

Ал эми Бишкек шаарынын Башкы архитектурасынын жетекчиси Каныбек Нарбаев, турак-жайларды куруу боюнча башкы план бар экендигин, бардыгы ошол план боюнча кетип жатканын гана айтты.

Ошентсе да президенттин мындай кадамын эскиче иш алып баруу, совет өкмөтү учурундагыдай коркутуп-үркүтүү жолу менен башкаруу ыкмасы катары баалагандар бар. Мындай оюн “Азаттыкка” “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, азыркы бийликти катуу сындап жүргөн оппозициядагы адамдардын бири Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Бирок, айрым байкоочулар ушундай күтүлбөгөн иш-чаралар шаардык чиновниктерди натыйжалуу иштөөгө түртөт дешет.

XS
SM
MD
LG