Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

11:05 Премьер-министр А. Атамбаев “Азаттык” үн алгысынын жетекчилери менен жолугушту


Анда премьер-министр “Азаттык” үналгысын өлкөдөгү маалымат айдыңында калыс маалымат каражаты катары жогору баалады. Ушул эле күнү “Азаттыктын” өкүлдөрү президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев жана маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен жолугушту. Шакиев президенттин маалымат кызматы “Азаттык” үналгысы менен тыгыз байланышта кызматташып жатканын, УТРКдагы “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+” теле долбоорлору жакшы жөрөлгө экендигин белгиледи. Ак үйдөгү жолугушууларга Еркин Европа-Азаттык үналгысынын берүүлөр боюнча департаментинин директору Мишель Дюбак, Эркин Европа - Азаттык үналгысынын кыргыз кызматынын директору Тынчтыкбек Чоротегин жана “Азаттык-медиа” мекемесинин Бишкек бюросунун жетекчиси Кубат Оторбаев катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG