Кыргызстандын аймагында болуучу бул машыгууга Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана күч структуралары, тартип коргоо кызматтары катышат. Анда террордук актыларды, мыйзамсыз куралдуу кылмыштуу топтордун алдын алып жок кылуу жана мамлекеттик чек араларды кайтарууну күчөтүү боюнча иш чаралар өткөрүлөт. Машыгууга ШКУ менен ЖККУна мүчө мамлекеттердин аймактык террорчулукка каршы бөлүмдөрү, Россиянын,Кытайдын, Казакстан,Өзбекстан, Тажикистандын коопсуздук жана атайын кызматтары катышат. “Ысык көл-Антитеррор-2007” машыгуусу28-майдан 31-майга чейин өтөт. Бул тууралуу МУККнин басма сөз борборунан билдиришти. (AJ)