ЫСЫККӨЛ. 18-май Бүткүл дүйнөлүк музейлер күнү менен кошо Пржевальский музейинин 50-жылдыгы белгиленди. Ага Орусия, Украина жана Белорусия өлкөлөрүнүн элчилери катышып, саякатка ачылыш жасаган Николай Пржевальскийдин сөөгү жашырылган жерге таазим этишти. Орусия элчиси Валентин Власов музейге керектүү жабдыктарды жана директор Жумакан Мамбетовага Орусия аскер деңиз флотунун төш белгисин тапшырса, кыргыз тараптан Маданият министри Султан Раев “Эмгек сиңирген ишмер” наамына Мамбетованын талапкерлиги сунушталганын билдирди. (RB)