Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Румынияда өлкө президентин кызматтан четтеттүү боюнча референдум өтүүдө


Румын парламенти президент Траян Басескуну Конституцияны бузганы үчүн айыптап, быйыл 20-апрелде президенттик ыйгарым укуктарын убактысынча токтоткон эле. Бирок Конституциялык сот президентке коюлган айыптарды негизсиз деп тапкан. Траян Басеску өзү оппоненттери импичмент жараянын баштоосун анын коорупцияга каршы күрөшүн токтотуу аракети катары баалайт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары референдум маселени кадыр-баркы эл арасында азыр да бийик президент Басескунун пайдасына чечээрин көргөзүүдө. Добуш берүүнүн жыйынтыгы бүгүн түнү белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG