Чыгыш Тимордо бүгүн Хосе Рамос - Орта президент катары ант берди. Ал Чыгыш Тимордун Индонезиядан көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн белгилүү ишмер, Нобель сыйлыгынын лауреаты. Жакындагы президенттик шайлоодо добуштардын 70%дан ашуунун алган. Хосе Рамос - Орта бийликти Чыгыш Тимордун биринчи президенти Кснаны Гусмаодон өткөрүп алды.