Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

КОММУНИСТТЕР АКШнын АСКЕР БАЗАСЫН АЛАТООДОН КУУП БАШТАШТЫ


Коммунисттердин демилгеси боюнча АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Демилгечи топтун өкүлү Александр Типеровдун айтымында, америкалык аскер базасынын Кыргызстанда турушуна каршы чыгып аткан кыймылдын өзөгүн коммунисттер түзөт. Алар өз кезегинде биргелешкен иш-аракеттерди уюштуруу боюнча Жашылдар, «Жаңы Кыргызстан», «Ата Мекен» сыяктуу партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул уюм америкалык аскердик базаны Кыргызстандан чыгаруу талабы менен бир катар акцияларды өткөргөнү жатканын билдирди. Алар Пентагондун Кыргызстандагы аскер базасы кириптер болгон бардык инциденттерди акыйкат иликтеп чыгуу, америкалык аскер атып өлтүргөн А. Ивановдун үйбүлөсүнө кун төлөтүп алуу, базанын Кыргызстанга тийгизип жаткан зыяндары жөнүндө элге толук маалымат жеткирүү жөнүндө маселелерди дагы коюшмакчы. 2-июнда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында америкалык аскер базасын Алатоодон чыгаруу талабы менен пикет өткөрүлөт. АКШнын аскер базасынын жетекчилиги жана АКШнын элчилиги бул талаптарга жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG