Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

16:07 Төрага Марат Султанов Орусиялык, америкалык базалар жана чегара жөнүндө


Төрага Марат Султанов Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун алкагында Кыргызстандын түштүк чегараларында ишенимдүү күчтөрдүн болушуна кызыкдар. Мындай пикирин бүгүн Россияга сапарынын жыйынтыгы боюнча уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Марат Султанов ошондой эле Кант аба базасы Орусияга таандык деген көз карашты жактаган жок. Анын пикиринде, база Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна таандык болгон соң, аны Кыргызстандын да базасы деп атоого негиз бар. Ал эми чет өлкөлүк жалгыз база саналган Антитеррордук коалициянын базасынын аракеттери «Россия өңдүү өнөктөштөргө же башка Иранга же Иракка багытталган болсо маселени дароо башкача коебуз. Биз базанын Ооганстанда гана иштешине уруксат бергенбиз» деди Марат Султанов. Жогорку Кеештин торагасы баштаган делегация 17-18-майда Орусиянын мамлекеттик думасынын чакыруусу боюнча Москвада болуп кайтты.(BuS)

XS
SM
MD
LG