Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

ЫСЫККӨЛДӨ МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ЭЭЛЕП АЛУУ АРАКЕТТЕРИ ТЫЙЫЛДЫБЫ?


«Азаттык» радиосунун таңкы маектеши Банура Абдиева, Ысыккөлдөгү «Лидер» атуулдук демилгелер борборунун башчысы болду.

- Азыр Ысыккөлдүн жери көптөгөн талашты жаратууда. Сиздер бир нече убакыт мурун Ысыккөлдөгү жерлерди мыйзамсыз басып алуу фактыларын таап чыгып, бул боюнча өзүнчө бир иликтөөнү жүргүздүңөр эле. Ошонун жыйынтыгы менен тааныштырып кетсеңиз?

- Биздин долбоор Сорос фондусу менен каржыланган. Себеби, 2005-жылы бүт республика боюнча жер ээлеп алуу деген кандайдыр бир топтордун демилегеси болуп калган. Түштүктө болобу, түндүктө болобу абдан оор абалга келген. Жер биздики деп эле ээлеп алган фактылар болгон. Ошондуктан биз стабилизация программа боюнча, форматтарды жана процедура технологияларын колдонуп, көлдөгү, Каракол шаарынын ичиндеги бүт бош жерлерди коомчулук менен биргелешип инвентаризация жасап чыкканбыз. Караколго жакын жайгашкан айылдардын тургундары бул ата-бабаларыбыздын жери, 19-кылымдан бери ушул жерде турганбыз, ошондуктан бул жерди ээлеп алабыз деп эле каалаган участкаларды ээлеп алган. Биздин НПОнун юристтери болуп барып байкадык, ар кандай кызыккан топтор бар экен. Бир жылдын ичинде госрегистр, архитектура, мэрия бир топ болсо, ошол жерди арендага алып аткан бизнесмендер экинчи топ болуп атат, бул биздин жер деген карапайым өзүнчө топ, милиция өзүнчө топ.

- Маселе кантип чечилди?

- Биз “Сорос” фондусунун каржылоосу менен бир жыл бою сүйлөшүү процесттерин уюштурдук. Ар кайсы топ менен өзүнчө сүйлөштүк. Жыйынтыгында коомдук угууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Эркин Алымбековдун, Аксуу районунун депутаты Султан Урманаевди чакырып туруп, чек араны тактап бергиле деп өтүнүп, ар кайсы топ консенсуска келип, “мындай жашабаса болбойт, жерлерди башкаруу боюнча стратегияны иштеп чыкпасак болбойт” деп, ар бир гектар боюнча дискке база данных чыгарганбыз, бош жерлер мындай деп. Эгерде ошол жерлерди конкурс аркылуу арендага берсе биздин бюджетке мынча киреше түшөт экен деген жыйынтыкка келгенбиз. Бул процесстер тунук болбосо биздин коомдун өнүгүүсү болбойт. Жер маселеси бул глобалдык нерсе. Жердин көлөмү туруктуу категория болсо, элдин саны жылдан жылга көбөйө берет. Ошондуктан кеңешип чечпесе болбойт деп ойлойм.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG