Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Британ тергөөчүлөрү ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү үчүн шектүү адамдын ысымын аташты


Британиянын тергөөчүлөрүндө бул окуя үчүн КГБнын мурдагы кызматкери, азыркы ишкер Андрей Луговойду айыптоого жетиштүү негиздер бар жана ага каршы кылмыш ишин козгоо сунуш кылынмакчы. Мындай билдирүү бүгүн Лондондогу пресс—конференцияда жасалды. Орус президенти Владимир Путинди катуу сындап жүргөн Литвиненко былтыр ноябрда Лондондо полоний заты менен ууландырылган. Бүгүн билдирилгендей, Британия эми бул кылмыш үчүн шектүү Андрей Луговойду Орусиядан өткөрүп алууну көздөйт. Орусиянын маалымат агенттиктери болсо өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип, ал Британияга өткөрүлбөсүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG