Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:18

12:40 Коррупцияга каршы күрөшүү элдик кыймылынын митинги уланууда


Өкмөт үйүнүн жанында Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү элдик кыймылынын отузга чукул мүчөсү мөөнөтсүз митингди улантышты. Алар экс-президент Аскар Акаевдин үйбүлөсүнүн жана жакындарынын, ошол кездеги кызматтагы алтымыштан ашуун адамдардын тизмесин, Ак үйдөгү коррупционерлер делип Үсөн Сыдыков, Алмаз Атамбаев, Медет Садыркулов, Чолпонбек Абыкеевдин, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун, парламенттин айрым депутатардын аты-жөнү жазылган тизмени кечээ (22-майда) президентке жолдошконун билдиришти. Аталган кыймылдын мүчөлөрү президенттен жети күндүн ичинде коррупциянын элементтерин кызматтан кетирип, чечкиндүү чара көрүүсүн талап кылышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG