Талкууда АКШнын аскери Закари Хетфильд тарабынан атып өлтүрүлгөн Кыргызстандын атуулу Александр Ивановдун маселеси жана Манастагы тероррчулукка каршы коалициялык аскерий күчтөрдү өлкө аймагынан чыгаруу сунушу талкууланды. Талкууга тиешелүү министрликтердин орун басарлары келгендиктен, депутаттар олуттуу саясий маселени чечүүгө министрлердин келбегенин сынга алышты. Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Искак Масалиев АКШнын авиабазасы “Кетсин!” деген пикирин билдирди. Ал эми Тартипти сактоо жана коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагасы Хажимурад Коркмазов шайлоочулары менен нааразылык акциясын өткөрүп коалициялык аскерий күчтөрдүн базасына өтүүчү жолду жабууга даяр экендигин жарыялады. Талкуунун соңунда бул маселе боюнча президенттин жардыгы менен түзүлгөн комиссия текшерүүнүн жыйынтыгын билдиргенден кийин парламентте талкуулана турган болду. Бул талкууну Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети, Тартипти сактоо жана коррупция менен күрөшүү, Коопсуздук жана коргонуу, Токой чарбасы жана экология, Эл аралык саясат боюнча комитеттери уюштурду. (AJ)