Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

ЮЖЕНЮЦ СМОЛАР: AMNESTY УЮМУ АНТИБАТЫШЧЫЛ БОЛУП АЛДЫ


Шаршемби күнү эл аралык Мунапыс уюму – Amnesty International кезектеги жылдык докладын жарыялап,дүйнөлүк көпчүлүк өкмөттөрдү терроризм коркунучун атайын саясатка айлантып алганы үчүн кескин сынга алды. Отчетто АКШнын тышкы саясатына да кеңири орун берилген. Мунапыс уюму Вашингтон администрациясын антитеррордук согуштун капшабы менен адам укуктарынын бузулушуна жол ачып,бул көрүнүштү глобалдаштырып жиберди деп эсептейт. Уюмдун бул тыянагына бир топ байкоочулар, алардын ичинде польшалык мурдагы диссидент, Варшавадагы эл аралык мамилелер борборунун президенти Юженюц Смолар да кошула алган жок.

Юженюц Смолардын айтымында, Amnesty International кийинки кездерде туура эмес жолго түшүп кетти. “Азаттыкка” берген интервьюсунда ал илгери Amnesty ар бир өлкөдөгү, ар бир режимдеги адам укуктарына кам көргөн глобалдык уюм болгонун эске салды. Смолар соңку он-он беш жыл ичинде Amnesty антибатышчыл болуп алды деп эсептейт.

Смолар өзү да 1980-жылдары уюм менен тыгыз кызматташ болгон. Amnesty учурунда Чехословакиядагы 77нин хартиясы же Польшадагы Жумушчуларды коргоо комитети өңдүү диссиденттер кыймылына активдүү колдоо көрсөткөн. Азыр болсо бул уюм, Смолардын айтымында, мисалы,Россиядагы проблемаларды көзгө сайып көрсөтө албай калды.

Эске сала кетели: Amnesty International жыл сайын өзүнүн отчетторунда Россияны баштагыдай эле катуу сындап келатат.

Мунапыс уюму өз отчетунда АКШ баштаган антитеррордук коалицияны бүт дүйнөнү “уруш майданына айлантып жибергени” үчүн сынга алган эле. Смолар мындай баага кошулбайт. Жакында эле Вашингтондо болуп келгенин, ал жерде “террорго каршы согуш”, атүгүл “исламофашизм” деген сыяктуу айтым-кептерди оозангандар аз эместигин айтып, америкалыктарга караганда терроризмге европалыктар кыйла байистүү карарын, бу маселени негизинен чалгындоо органдары, полиция менен бирге социалдык чөйрөдөгү мекемелердин иши деп эсептешерин белгиледи. Ошентсе да Смолар “Ал-Каида” же Талибан күчтөрүн, айталы, Британиянын айрым шаарларында жаштар арасындагы нааразылык аракеттери менен бир катарга койгонго болбойт деп эсептейт. Ырас, британдык жаштардын нааразылыгы да террордук балааматтарга алып келген учурлар бар, бирок аларды мындай кадамга түрткөн себептер менен талиптер, “алкаидачылар” таркатып жаткан террорчулуктун себептери, Смолардын баасында, эки башка.

АКШ дүйнөгө жалаң жакшы өнөгө көрсөтүп жатпаганын да Смолар моюнга алды. Вашингтон администрациясынын Гуантанамодогу туткундарга жасаган мамилеси, америкалык аскерлердин Ооганстанда жана Иракта ашкере болгон осол иштери да АКШ өкмөтүнүн бетине чиркөө болду. Деген менен АКШ дале болсо дүйнөдөгү шарапатчыл күч бойдон каларына, демократиянын жайылышына, жарандык коомдун түптөлүшүнө арка-жөлөк боло берерине Смолар түк шектенбейт.Жимми Картерден, Рейгандан башталган, Клинтон менен Жорж Буштун тушунда уланган тышкы саясаттын уңгулуу салты бар. Бир гана нерсе – АКШ аркалуу армиясынан, айбарлуу күчүнөн тышкары өлчөөсүз чоң маданий байманасын,башка да толгон-токой артыкчылыктарын көрсөтүүгө тийиш. Азыр болсо, Смолардын айтымында, Ирактагы согуштун айынан АКШ катылгандын катыгын бергени комдонуп турган чогоол ковбойдой таасир калтырып жатат.

XS
SM
MD
LG