Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Казакстанда президенттин күйөө баласына караштуу эки маалымат каражаты үч айга жабылды


Казакстанда Башкы прокуратуранын чечими менен КТК телеканалы жана "Караван" деген гезит үч айга жабылды. Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсүнө караганда, алар мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын аткарган эмес. Бул эки маалымат каражаты тең казак президентинин улуу күйөө баласы Рахат Алиевге тиешеси бар. Эки күн мурда Казакстандын ички иштер министрлиги Рахат Алиевге каршы кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Ал "Нурбанктын" эки жетекчисин уурдоого катышы бардыгы үчүн айыпталууда. Алиев азыр Казакстандын Австриядагы элчиси. Кечээ ал Венада журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт дешкен эле, бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калды.

XS
SM
MD
LG