Киевден түшкөн кабарларга караганда, Башкы прокуратуранын имаратын премьер-министр Виктор Януковичке баш ийген милиция күчтөрү ээлеп турат. Президент Виктор Ющенко Башкы прокурор Святослав Пискунду бир эле учурда парламент депутаты болуу менен Конституцияны бузганы үчүн кечээ кызматтан бошоткон эле. Премьер-министр Виктор Янукович бул чечим үчүн президентти айыптады. Януковичтин жактоочулары бүгүн Киевде кайрадан демонстрация өткөргөн жатат. Баш прокурор Пискун президенттин жардыгына моюн сунбай, кеңсесине кирүүгө ага милиция күчтөрү жардам берген. Соңку окуялардан улам президент Ющенко бүгүн ички иштер министрлигинин аскерлерин өзүнө баш ийдирүүнү караган жардыкка кол койду.
Украинада Баш прокурордун кызматтан алынышына байланыштуу саясий күчтөрдүн тиреши уланууда