Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:51

15:35 Талас областынын ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында эки миңге жакын адам пикетке чыкты


Алар кечээ Таласта Бишкекке кетип бараткан жолду тосуп, өкмөт башчыны коштоп барткан унаага таш ыргыткандыгы үчүн камакка алынган активисттерди убактылуу кармоочу жайдан чыгарууну талап кылышууда. Областтын ички иштер башкармалыгын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, имараттын алдына 500дөн ашуун адам чогулду. Ал эми митингчилердин айтымында, бардыгы болуп эки жарым миңге жакын адам митингге чыкты. Таластагы кабарчыбыз билдиргендей, ички иштер башкармалыгынын башчысы Айтбек Нуралиев камакка алынган активисттердин бири Майрамбек Береналиевди эл менен жолуктурду. Ал өз сөзүндө кырдаалды чагымчылар курчутуп атканын айтты.
“Милиция кызматкерлери тарабынан уруп-сабоолор болгон жок. Биз сиздерди тынчтыкка чакырып, тарап кетүүнү суранабыз. Болгон арызыңар менен кагаз жүзүндө тиешелүү органдарга кайрылыңыздар”, деди Майрамбек Береналиев. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда пикетке чыккандар убактылуу кармоочу жайда отургандарды чыгаруу өтүнүчү менен област жетекчилигине кайрылуу кат жазышууда. (MSu)

XS
SM
MD
LG