Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

13:50 Мелис Эшимканов Швейцарияга элчи болуп кетеби?


Швейцариядагы Кыргызстандын элчилик кызматына Мелис Эшимкановдун талапкерлигин көрсөткөн сунуш Жогорку Кеңештин комитетине төрт күн мурда түшкөнүн, депутат Эшимканов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча президент Курманбек Бакиев менен жолугушканда оппозициялык маанайдагы саясатчыларга куугунтугун токтотуусун өтүнгөн. Президент анын өтүнүчүн түшүнүү менен кабыл алган. “Буга чейин БУУга, Японияга элчилик кызмат сунушталган. Элчилик кызматка барууга бир канча себептер бар. Күжүрмөн оппозициячыл саясатчы болгондон чарчадым. Элчи болуу чечимин кабыл алуу мен үчүн оор болуп жатат, бирок ушул зарыл го деп ойлоп атам,”-деди Эшимканов. (AJ)

XS
SM
MD
LG