Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

БЕЛОРУС ОППОЗИЦИЯСЫ ЛИДЕРИН АЛМАШТЫРДЫ


Өткөн дем алыш күндөрү Белоруссиядагы демократиялык күчтөрдүн конгрессинде оппозициянын лидерлери алмашты. Коалиция бир лидерлүү ыкмадан көп лидерлүү башкаруу формасына өтүп, төрт теңтөрага шайлады. Оппозициянын мурдагы лидери Александр Милинкевич бул чечимге макул болбой, саясий кеңешке кирген жок. Милинкевич былтыр марттагы шайлоодо президент Лукашенкого жалпы оппозициянын атынан атаандаш болгон эле.

Конгресстеги сөзүндө Александр Милинкевич оппозициялык коалициянын коллективдүү жетекчилик ыкмасына өтүшүн макул көргөн жок. 2820 Өз позициясын билдирип, оппозицияны бир адамга каршы күрөшүү үчүн гана бирикпестен, түпкү принциптердин негизинде бекем баш кошууга чакырды. Мындай принциптер деп ал демократияны,өлкөнүн көз карандысыздыгын жана европалык интеграцияны атады.

Алты жүздөн ашуун делегат Милинкевичтин позициясын колдогон жок. Тескерисинче, аны лидерликтен алып, төрт жаңы теңтөрага шайлады.Милинкевич коалициянын саясий кеңешине киргенден баш тартты, ошол эле учурда оппозиция менен кызматташарын, андан биротоло кол үзүп кетпей турганын билдирди.

2005-жылдын октябрында оппозициялык бириккен күчтөр коалициясы Милинкевичти президенттикке талапкер кылып жарыялашкан. Былтыр марттагы шайлоодо ал утулуп калган соң Минскиде нааразылык демонстрацияларын уюштурган. Оппозициянын бир канча активисттери камалган. Ошол окуялардын аркасында Милинкевич Батышта таанымал болгон.

“Азаттыктын” эксперти Ян Максимюктун айтымында, 2821 Милинкевич оппозициянын башка лидерлерине караганда кыйла радикалдуу саясатчыдай таасир калтырды. Ал азыркы бийлик менен сүйлөшүүгө дегеле болбойт,аны жарандык баш ийбөө акциялары, көчө демонстрациялары менен гана кысым көрсөтүүгө болот деп эсептейт.Милинкевич оппозиция арасынан Белоруссиянын башкы максатын Евросоюзга кошулуудан көргөн саналуу саясатчынын бири.

Бирок оппозициялык коалиция иш-аракеттердин жаңы стратегиясын кабыл алып,ич ара тирешкенден көрө бийликтер менен сүйлөшүүлөргө барууну оң көргөн позицияны жактады. Жаңы шайланган төрт теңтөраганын бири Сергей Калякин оппозицияга бир лидердин айланасында эмес, өлкөнү жаңылоо идеясынын негизинде баш кошуу зарыл деп билдирди. Милинкевич болсо оппозициялык жаңы кыймыл түзгөнү жатат.

XS
SM
MD
LG