Премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурда анын кортежине таш ыргыткан окуядан кийин камалгандардын алгачкыларына бүгүн 72 саат болот. Буга байланыштуу аларга коюлган айыптар угузулушу күтүлүп жатканын «Азаттыкка» адвокат Касымбек Райымкул уулу билдирди. Адвокаттын айтымында, аларга кылмыш-жаза кодексиндеги «массалык баш аламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылышы мүмкүн. Бул иш боюнча «укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөтүү жана массалык баш аламандык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.(SM)