Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

11:30 Кыргызстанда биринчи жолу Интернеттеги издөө боюнча мелдеш өтөт


10-13-19- июнь күндөрү “BLM” коомдук кору тарабынан өткөрүлүп жаткан Интернеттен издөө боюнча алгачкы ачык мелдеш орусиялык Яндекс Интернет порталынын колдоосу жана макулдугу астында уюштурулууда. Уюштуруучулардын маалымдашынча мелдешке катышуу көп деле аракетти жана каржыны талап кылынбайт жана ага орусча билген, компьютер менен аздыр көптүр тааныш, өмүрүндө жок дегенде бир жолу Интернеттин издөө кызматын пайдалангандардын баары катыша алат. Катышуучулар бири-бири менен суроолорго жооп табууда күч сынашат. Сунушталган суроолор кызыктуу келип, көңүл ачуу менен бирге таанып билүүчүлүк мазмунга ээ. Кыргыз Интернет колдоонуучулар арасында боло турган мелдеш эки этаптан туруп, жеңүүчүлөргө байгелер берилет. (EBM)

XS
SM
MD
LG