Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

10:48 Жогорку Кеңеш алдында саясатта аял-эркек теңчилигин талап кылган акция өттү


"Бир жыныстуу парламентке «жок", "Саясатта теңчилик болсун!" деген ураандар менен бүгүн бир катар бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрүштү. Алар Кыргызстандын парламентинде аялдардын таптакыр жоктугу өлкөнүн бетине чиркөө болуп жатканын айтышып, мындай дискриминациялык саясатты токтотуу зарылдыгын белгилешти. Акцияны уюштурган Социалдык технологиялар агенттигинин өкүлү Гүлнара Ибраева жарандык уюмдар азыркы учурда парламентке аялдарды алып өтүүгө жол ачуу үчүн атайын колдоо чараларын сунуш кылып жаткандыгын билдирди. Мындай чаралар болуп шайлоодо аялдар менен эркектер бир позициядан ашпай кезектешип жазылган партиялык тизмелерди түзүү, ошондой эле мажоритардык принцип боюнча аял-эркек талапкерлер аралаш катталган үч мандаттуу аймактык шайлоо чөлкөмдөрүн түзүү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG