Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:40

ЕВРОШАРКЕТТИН БОРБОР АЗИЯ СТРАТЕГИЯСЫ: КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА КООПСУЗДУК


Еврошаркетте төрагалык кылып жаткан Германия Борбор Азияны биринчи кезекте көңүл бурулчу аймак катары тандап алды. Жакынкы аралыкта Еврошаркет Борбор Азияга кирген беш өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты чыңдоого колдоо көрсөтмөкчү. Бул тууралуу Бишкекте жаңыдан ишин аяктаган аймактык жыйында сөз болду. Еврошаркеттин Борбор Азияга карата жаңы стратегиясында аймактагы коопсуздук маселесине орчундуу көңүл бурулат.

Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүгүү министрлигинин Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү боюнча өкүлү Клеменс ван де Санд Евробиримдиктин Борбор Азия мамлекеттерине карата үч багыт боюнча кызыгуусу бар экенин айтты:

- Евробиримдиктин уламдан улам түштүктү көздөй кеңейүүсүнөн улам Борбор Азия мамлекеттери Европа мамлекеттеринин жаңы коңшулары болуп калды. Ошондуктан Евразиялык континентте туруктуулутку жана тартипти орнотууда биздин да кызыкчылыгыбыз бар. Биринчиден, биз чөлкөмдүн коопсуздугуна кызыкдарбыз. Экинчиден, биздин кызыкчылыгыбыз энергоресурстарга байланыштуу. Баарыңыздарга белгилүү болгондой биз импорттон көз карандыбыз. Албетте бул жагдайда, өзгөчө күйүүчү майларды жана газ өндүрүүдө Борбор Азия чоң ролду ойнойт. Мындан сырткары биз экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү, сооданын жана инвестициялардын көлөмүн чоңойтууну көздөп жатабыз.

Белгилей кетчү нерсе, Еврошаркетке кирген өлкөлөрдүн ичинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири донорлорунун бири болуп Германия саналат.

Клеменс ван де Санддын айтымында, Борбор Азия мамлекеттерине жардам көрсөтүүдө ар бир өлкөнүн экономикалык, социалдык жаткан өнүгүүсү, саясый абалы эске алынат.

Айрым маселелер боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө пикир келишпестиктер бар. Алып карасак, Өзбекстан менен ушул убакка чейин чекара маселеси талаштуу бойдон калууда. Клеменс ван де Санддын айтымында, аймактык кызматташууну чыңдоо үчүн көп жылдар талап кылынат:

- Европа мамлекеттери 150 жыл аралыгында бири бири менен тил табыша албай келген. Болгону акыркы 50 жыл ичинде гана бирдиктүү Европа пайда болду. Биз алгач 6 мамлекеттен баштаганбыз, ал эми азыр уюмга 27 өлкө кирет. Башкача айтканда чыдамкайлык керек.

Жыйынга Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Уюштуруучулардын айтымында, мамлекеттер ортосунда талаш маселелер бар, бирок ошентсе да алар өз ара кызматташууга даяр экенин бара бара түшүнүп баштады.

Борбор Азия мамлекеттерине жардам көрсөтүү жана өз ара кызматташууну бекемдетүү үчүн Германия менен бирдикте Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы да колдоо көрсөтүүдө.

Аталган уюмдун башкы катчысынын жардамчысы Кори Удовички максаттуу өнүгүүнү иштеп чыгуу ташталган чакырыктарга жооп болооруна ынанганын айтты:

- Борбор Азия өлкөлөрү мындан да күчтүү өкмөткө, мамлекеттик кызматкерлерге, жарандык коомго жана эл аралык донорлорго зар экени белгилүү болду. Борбор Азия мамлекеттерине колдоо көрсөтүү жана кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден БУУ баш тартпайт. Биз бул жаатта мындан ары да иштөөгө даяр экенибизди белгилеп кетет элем.

2007-жылдын башынан тартып төрагалык кылып келаткан Германия экономиканын өнүгүшүнө жана жумушчу орундарды көбөйтүү маселесине, айлана чөйрөнү коргоого багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурат.

Евробиримдиктин институту болгон Европа комиссиясы жыл сайын Кыргызстанга 250 миллион евро суммадагы жардам көрсөтүп турат. Ал эми жакынкы жети жыл аралыгында уюм Кыргызстанга үч негизги багыт: экономиканы жана башкарууну реформалоо, жакырчылыкты жоюу жана аймактык кызматташуу боюнча жардам көрсөтүп келмекчи.

XS
SM
MD
LG