Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

ТҮШТҮК КАВКАЗ “АЙМАГЫ”- ЖАСАЛМА АТАЛЫШПЫ?


Азербайжанды,Арменияны жана Грузияны көп учурда Түштүк Кавказ өлкөлөрү же аймагы деп аташат. Бирок ар бир республиканын калкы өздөрүн “түштүк кавказдыктар” деп аташпайт, муну сырттан таңууланган, жасалма аталыш деп эсептешет.

Тбилисиде жергиликтүү тургундар Грузияны Түштүк Кавказ регионуна кирбейт, анын калган эки өлкө менен эч кандай маданий, диний же башка жалпылыгы жок деп ырасташты. Көпчүлүк азерилер да ушундай пикирде. “Азербайжандын Түштүк Кавказ блогуна кошушканын колдобойм, биз өзүбүзчө калышыбыз керек”,- дейт Бакунун бир тургуну. Ал эми Ереванда армян аялдарынын бири үч элдин окшоштугу көп экенин, жашоо жолойу, кулк-мүнөзү,адамгерчилик мамилелери жагынан жакындыгы барлыгын белгилеп, мурда не Бакуда,не Тбилисиде болобу өзүн өз адамдай сезсе, эми баары өзгөрүп, дини, тили жагынан өз ара жат болуп баратканына кейиди.

Ереванда жайгашкан Кавказ медиа институтунун директору Александр Искандарян орустар,тагыраагы илгерки орус империясы Кавказдын түштүк тарабындагыларды империянын бир бөлүгү эсептеп,
ошондон улам аны “аймак” атыктырып койгонун эске салды. Бирок жергиликтүү улуттар мындай аталышты эч качан билген эмес. Алар өздөрүн же Перс,же болбосо Осмон-түрк империясынын букаралыгы, бирок көп учурда тек гана жергиликтүү улут катары аташкан.

Совет мезгилинде болсо кавказдыктар тууралуу меймандос,колдон суурулуп турган шылуун, табышкер, чачы кара, эркек болсо сөзсүз мурутчан деп элестеткен көнүмүш калып түзүлгөн.

Тбилисилик психолог Гага Нижарадзе азыр орустар арасында “кавказ улутундагы адам” деген айтым кеңири таралып кеткенин эске салып, армянбы,азериби же грузинби, баарын кошоктоп “кавказдыктар” деп атай беришерин,анын үстүнө бу айтымды көбүнесе терс мааниге айлантып алышканын белгиледи.

Эл аралык уюмдар,айталы,Улуттар Уюму, Евросоюз, НАТО да үч өлкөгө тең адатта бир өкүлдөрүн дайындап, ар түрдүү программалары менен долбоорлорун да “Түштүк Кавказ” аталышында түзүшөт. Бирок чет элдик эксперттер Тбилисиде,Бакуда же Ереванда болуп, жергиликтүү шарт менен ичтен тааныша келгенде үч өлкө тили, дини жагынан аттын кашкасындай болуп айрымаланып турганын, атүгүл алар тарыхый жактан деле анчейин жуук болбогонун түшүнө албай, беймаза болушат. Сыягы, Лондон же Нью-Йорктон караганда Кавказдын түштүгү географиялык бир чөлкөмдөй көрүнүп, ошондон улам бу жерде бир эле саясат жүргүзгөнгө оңтойлуудай сезилет окшойт, дейт грузин психологу Нижарадзе.

Бакулук саясий илимпоз Расим Мусабеков да бул ойго кошулат. Сырттан караганда, мисалы,Европага Түштүк Кавказ бир региондой көрүнөт, иш жүзүндө Армения, Азербайжан жана Грузия ич ара таасын ажырап турат,саясаты жагынан да алар анчейин жуук эмес. Россия,Түркия жана Иран да ушундай аталышты колдонушат. Башкача айтканда,Түштүк Кавказ “регион” катары тышкы оюнчулар үчүн гана түзүлгөн түшүнүк, дейт Мусабеков.

XS
SM
MD
LG