Мындай буйрукка премьер-министр Алмаз Атамбаев кол койгонун кечээ кечинде өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда каржы министрлигине «Бурул-кайра жаралуу» кредиттик союзуна 10 миллион сом өлчөмүндө үстөксүз бюджеттик ссуда берүү милдети тапшырылган. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийинки талап-тоноодон ишкерлер орто эсеп менен 1 миллиард 300 миң сомдун тегерегинде зыян тартканы айтылып жүрөт.(SM)
8:10 Өкмөт март ыңкылабынан кийинки талап-тоноодон жапа чеккен ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтөт