Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:14

УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖОГОРКУ РАДАНЫН ӨМҮРҮН ДАГЫ БИР КҮНГӨ УЗАРТТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Украинанын президенти Виктор Ющенко иш сапары менен Хорватияда жүргөн жеринен Жогорку Раданын ишин дагы бир күнгө узарткан. Ошол себептен улам депутаттар олтуруму бүгүн да уланууда. Ага дейре өлкөнүн президенти парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу указын бузуп, анын күчүн 31-майга дейре токтотуу чечимин кабылдаган. Бирок үч күндүн ичинде Жогорку Раданын депутаттары парламентти кайра шалоону 30-сентябрде өткөрүү боюнча тийешелүү мыйзам долбоорлорун кабыл алууга үлгүрүшкөн эмес. Украинанын лидери Виктор Ющенко эгерде Жогорку Рада бул жолу да мыйзам долбоорун кабыл алышпаса анда шайлоо мурда белгиленгендей, 2 айдан соң өтөт деген пикир айткан.

Президент Ющенко кыйла кармаштан соң Жогорку Раданы таркатуу жарлыгына 2-апрелде кол койгон. Ошондон соң оппозиция менен бийлик ээлеген тарап эки ай бою биринин айтканын бири укпай калган. Эксперттер кийинки учурда жаңжалдын ырбап кетиши жогорку бийликтегилер күч органдарын (Башкы прокуратура менен ИИМ – ММ) өзүнө жакындатуу аракетинен улам чыкты дешет. Акыры мамлекеттин башчысы Виктор Ющенко менен өлкөнүн премьер-министри Виктор Янукович жолугушуп акыры кайра да тил табышкан. Ал жолу жетишкен маакулдашуу негизинде кезексиз шайлоонун мөнөтүн ары, күзгө жылдырышкан. Ошол себеп болуп Жогорку Раданы шайлоону өткөрүү тартибин ырасташ үчүн президент мурдагы указын бузуп ага үч күнгө иштөөгө уруксат берилген.

«Коммерсант» жазганга караганда үч күн ичинде депутаттар кыйла мыйзамды бузуп жана жаңыларын кабыл алышканы менен «элдик депутаттарды шайлоо боюнча» жана «Элдик депутаттардын статусу боюнча» мыйзамдарга толуктоо киргизүү ишин кечеңдетишкен.

Биздин кабарчы Владимир Ивахненко жазып алган материалдында региондор партиясынын лидери Виктор Янукович капилеттен дагы бир олуттуу маселе чыгып атат деген:

«Маселеттер чыгып атат. Биз аларды чечкидей жооп табабыз деп маакулдаштык. Эгерде аларга жооп таба албасак анда иш жаман», - деген Янукович.

Анализчилер болсо парламенттин ишин артка тартуу өкүмөт башчынын жаатташтары тарптан болуп атканын белгилешт. Ага Киев калаадагы глобалдык стратегия институтунун жетекчиси Вадим Карасев кошулат:

«Коалиция Жогорку Раданын иштеп туруусуна кызыктар. Анын бийликке карата болгон таасири ал иштеп атканда гана болот. Андай болбогондо бардык бийлик президенттин колунда болуп калат», - деген.

Андай пикирдин туура эмес экендигин саясий изилдөө борборунун жетекчилеринин бири Валерий Чалый айтат:

«Бул жерде президент менен мурда жетишкен кепти иритүү болуп атат. Аны Александр Мороз башында турган социалисттер аны ишке ашырат. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоону такыр жою жок ал ишке ашпагыдай болсо анда учурдан пайдаланып, өзүнүн атын чыгаруу болуп атат» - дейт.

Президент Виктор Ющенко журналисттер алдында парламент ишин дагы бир күнгө узарта тургандыгын билдирди. Кечээ болсо Загреб калаада:

«Шайлоону даярдоо боюнча тийешелүү чечим кабыл алынбайт экен анда Юлия Тимошенконун блогу менен «Биздин Украина» парламенттен чыгып, Баш мыйзам талабына ылайык - 60 күндөн кийин жаңы шайлоого барышат», - деген.
XS
SM
MD
LG