Босниялык сербдердин мурдагы генералы Здравко Толимир бейшемби күнү Босния менен Сербиянын чекарасында кармалган эле. Гаагадагы трибуналдын аскери кылмышкерлер тизмесинде Толимир босниялык сербдердин мурдагы Радован Каражич менен генерал Радко Младичтен кийинки үчүнчү сапта турган эле.